Талас облусундагы “Беш-Таш” жаратылыш паркын сел суулары каптады

Аймак 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. 7-августта түштөн кийин кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандан кийин кокту-колоттордон сел суулары ашып, Талас облусундагы “Беш-Таш” жаратылыш паркынын 3 жерин каптаган. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, ошондой эле Кара-Суу айылынын батыш тарабында Талас – Тараз унаа жолун 81-чакырымын сел каптаган.

Ыкчам топ жеринде тактоо иштерин жүргүзгөн. Учурда Талас – Тараз унаа жолунун сел каптоо коркунучу жоюлуп, тазалоо иш-чаралары аяктады.

Ал эми "Беш-Таш" жаратылыш паркынын аймагын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, парктын аймагында жайгашкан "Сары-Үңкүр" сайы тилкесин учурда бир жүктөгүч тазалап жатат.

Пикир

Оставить комментарий