• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда сентябрда эки жаңы ишкана ачылат. Жабдыктар Италиядан алынып келет

Өкмөт 0

Бишкек. 08.08.23. /Кабар/. Кыргызстанда сентябрда эки жаңы ишкана ачылат — "Кыргыз бетон курулуш" жана "Кыргыз топчу". Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасынын базасында жакынкы аралыкта ишке киргизүү пландалып жаткан “Кыргызиндустрия» ААКнын өндүрүш ишканаларында болду.

Ишканалар заманбап жабдуулар менен жабдылып, алар Италиядан бир нече этап менен алынып келет.

МинКаб Төрагасы жеңил өнөр жай, курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурууну тапшырып, бул ишканалардын продукциясы биринчи кезекте жергиликтүү рыноктун керектөөсүнө жооп бериши керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасына металлдын бардык түрлөрүн кайра иштетүү үчүн “ийкемдүү” машиналарды жана системаларды өндүрүү жана сатуу менен иш алып барган италиялык “Salvagnini” компаниясынын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

“Кыргызиндустрия” ААКнын президенти Жарасул Абдураимов белгилегендей, учурда италиялык компаниянын жетекчилиги менен бул системаны сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий