• 87
  • 90.64
  • 0.85

Баткенде милиция кызматкерлери электрондук документ жүгүртүүнү үйрөнүшүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Баткенде милиция кызматкерлери санариптик технологиялардын негизинде иш алып барат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун аймагындагы ИИОнун кызматкерлери электрондук документ жүгүртүү маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча атайын окуулардан өтүшүүдө.

ИИМдин Катчылыгынын башчысынын орун басары З.Маматов жана маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын инспектор-инженери Ч.Исмаилов облус аймагындагы район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө өздүк курамга окутууларды өткөрүп, практикалык усулдарды көргөзүүдө.

Белгилей кетсек, окутуу КР президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активтештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын, ошондой эле Ички иштер министрлигинин тескемесинин талаптарын аткаруу максатында уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий