• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте автобус жана троллейбустун жүргүнчүлөрү QR-код менен жол кире төлөй алышат

Коом 0


Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Бишкекте шаар тургундары автобус жана троллейбустарда QR-код менен жол кире төлөй алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Тулпар" командасы QR-кодун колдонуп, муниципалдык коомдук транспортто жол кире акысын төлөөнүн сынамык долбоорун баштады.

"Жол акысын төлөө үчүн телефонуңузга "Тулпар" тиркемесин ишке киргизип, төмөнкү оң бурчтагы кошуу белгисин басып, QR-кодун сканерлеп же троллейбустун кире беришиндеги салондо жайгашкан транспорттук кодду түздөн-түз теришиңиз керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Мэриядан кошумчалашкандай, жол акы төлөнгөндүгүн ырастоону "жүрүү тарыхы" бөлүмүнөн көрүүгө болот.

"Урматтуу шаардыктар! №2, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 14, 17 троллейбустун бардык каттамдарында жана №38 автобус каттамында QR-кодун колдонсо болот. Жакында транспорттун калган бөлүгүнө QR-коддорун орнотобуз", - деп кошумчалашты мэриянын басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, функция жеткиликтүү болушу үчүн "Тулпар" мобилдик тиркемесин жаңыртуу керек.

Пикир

Оставить комментарий