• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда ишкерликте аялдардын активдүүлүгү байкалууда – ЖК вице-спикери

Коом 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Бишкекте өтүп жаткан “Депутат-аялдар – күчтүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу” темасында өтүп жаткан тегерек столдо ишкерликте аялдардын активдүүлүгүнүн позитивдүү өсүшү байкалып жатканын белгиледи.

Касымалиева аялдардын өзүн-өзү ишке ашыруусунун зарылдыгы жөнүндө айтып жатып, бардык аялдарды өлкөнүн саясий турмушуна активдүү катышууга чакырды. “Биз активдүү аялдарды көбүрөөк тартып, бири-бирибизди колдошубуз керек. Ал үчүн билим алып, аны жүзөгө ашыруу зарыл. Сиздер инвесторлор менен кантип иштешти, бюджет кандай түзүлөрүн, мыйзам долбоорлорун кандай жазышты жана башкаларды билишиңиздер абзел. Мен бардык аялдарды лидерлик мектептерде барып, окутуучу тренингдерге катышууга жана өзүңүздөрдү көрсөтүүгө чакырам”,-деди ал.

Депутат азыр жаңы тенденция жүрө баштаганын, айылдардан ийгиликтүү ишкер аялдар чыгып жатканын белгиледи. Жеңил өнөр жай, соода-сатык, өндүрүш – бул тармактарда көбүнчө аялдар иштеп жатат.

“Өкмөткө үмүт артып, аны күтүп отурбаш керек, ишке ашырууну өзүңүздөр баштаңыздар. Кыргызстан гендердик теңчилик багытында жаңы кадамдарды баштады. Бул эң жакшы. Биз лидер-аялдарды ар тараптуу колдоого даярбыз”,-деди вице-спикер.

Пикир

Оставить комментарий