• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 1,7 миңден ашык күнөскана бар

Коом 0

Бишкек. 11.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдын 1-декабрына карата иштеп аткан күнөсканалардын жалпы саны 1 миң 765ти түздү, ал эми ээлеген аянты 203,1 га жерге жетти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Облустар боюнча алып караганда, Чүй облусу боюнча 65 даана (53 гектар жерге 2), Ысык-Көл – 74 даана (5 га), Нарын – 38 даана, (5 га), Талас – 15 даана (4 га), Ош – 370 даана (53 га), Баткен – 191 даана (13,1 га), Жалал-Абад облусу боюнча 812 даана (70 га) күнөскана коюлган. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырганда 1,5 эсе жогору.

Негизинен күнөсканалар Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Чүй облустарында курулууда.

Республикада Түштүк Кореянын, Кытайдын жана Россиянын күнөсканалары курулуп иштеп жатат. Андан тышкары, жергиликтүү адистердин сунуштоосу боюнча, дыйкандар өздөрү колдо болгон тетиктерди, жабдууларды колдонуу жолу менен жөнөкөй ар түрдүү типтеги күнөсканаларды куруп иштетип жатышат.

Күнөскананы куруунун негизги максаты – Кыргызстада айыл чарба күнөсканаларын уюштуруу жана өнүктүрүү жолу менен аз чыгым жумшап арбын киреше алуу, өлкөнүн калкын коопсуз жана сапаттуу азык – түлүк менен камсыз кылуу.

Пикир

Оставить комментарий