• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы артыкчылыктуу багыттар талкууланды

Коом 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Финансы министри Алмаз Бакетаев менен Европа Биримдигинин экономикалык жана саясий маселелер, эл аралык жардам/кызматташтык боюнча аналитиги Винсент Бигот жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын, тактап айтканда, "Суу секторун реформалоо боюнча контракт" программасын даярдоодо биримдиктин жардам көрсөтүү маселесин талкуулашты.

Ошондой эле "Санариптештирүү секторун реформалоо боюнча контракт" жана "Билим берүү секторун реформалоого контракт" программаларын ишке ашыруунун учурдагы абалы талкууланды.

Жолугушуунун соңунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, Кыргызстанда Европа Биримдигинин программаларын ишке ашыруу маселеси макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий