Айыл чарба министрлиги дыйкандарды заманбап жер семирткичтерди колдонууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Бүгүн "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Кыргызстандын "Кыргызленд" экспортчу жана импортчулар ассоциациясынын президенти Ленара Ниязбекова жана Айыл чарба министрлигинин Химизациялоо жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин химизациялоо бөлүмүнүн башчысы Арстанбек Акматов айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө заманбап жер семирткич колдонуу, маселен глицерол жер семирткичи тууралуу айтып беришти.

Ниязбекованын айтымында, 2019-жылы алардын ассоциациясы, КР Айыл чарба министрлиги жана глицерол органикалык-минералдык микро жер семирткичтерди чыгарган "Золотой Колос" ишканасы менен үч тараптуу меморандумга кол койгон. Ал белгилегендей, ал ишкана Россиянын Воронеж шаарында жайгашкан.

Анын айтымында, бул хелаттык формадагы, органикалык-минералдык микро семирткич ар кандай климаттык шартта айыл чарба өсүмдүктөрүнөн мол түшүм алууга өбөлгө түзөт. Маселен, кайракы, суу жетпеген жерлерде эгинди ашыкча сугарбастан жакшы түшүм алууга болот.

"2019-жыл кургакчыл болду. Ошол кургакчылыкта биз (айрыкча) дан жана башка айыл чарба өсүмдүктөрдү катаал климаттык шарттарда кургакчылыктан сактап, жакшы түшүм алууга жетиштик. Мисалы Ысык-Көлдө, Нарын жана Таласта", - деди ал.

Айыл чарба министрлигинин Химизациялоо жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин химизациялоо бөлүмүнүн башчысы Арстанбек Акматовдун белгилегендей, учурда климаттын өзгөрүшү жүрүп, ага жараша айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө заманбап технологияларды, жер семирткичтерди колдонуу керек.

"Биздин айыл чарбаны ал өзгөрүүлөргө ылайыкташып, көнүп кетиши үчүн биздин департамент иш жүргүзүп, ал боюнча кээ бир жер семирткичтерди, технологияларды караштыра баштады. Божомолдорго ылайык, март айында аба ырайы ысык болот – ал эгиндерди чоң зыянга учуратышы мүмкүн. Дыйкандарга бул жер семирткичти эгиндерине (бир нече жолу) чачып чыгууга үлгүргүлө деп айтат элем", - деди ал.

Ниязбекованын айтымында, бул жер семирткич 5 – комплекс, бор, цинк, калий, азот түрлөрүнөн турат. Алар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрүнө жараша гектарына 300 литр сууга 1,5-2 литри аралаштырылып колдонулат. Ал эми мөмөлүү бак-дарактарга гектарына 600 литр сууга 3 литр аралаштырылып чачылат.

Пикир

Оставить комментарий