• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде мурдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору 90 орундук ооруканага ыңгайлаштырылууда - Абдрахманов

Аймак 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Баткенде мурдагы облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун 90 орунга эсептелген жугуштуу оорулар ооруканасына ыңгайлаштыруу иштери башталды. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов билдирди.

"Баткен облусунун борборундагы мурдагы облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты бар болчу. Учурда анда капиталдык оңдоо иштерин өткөрүп, жугуштуу оорулар ооруканасына ыңгайлаштыруу иштери башталды. Ал 90 орунга эсептелген. Оңдоо иштерине мамлекет тарабынан 12 млн сомдон ашык каражат бөлүндү. Буйруса аны бир айдын ичинде бүткөрүп, ишке берүү пландалууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий