• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткенде мыйзам бузган айдоочуларга 1,2 млн сомдон ашык айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Баткенде мыйзам бузган айдоочуларга 1,2 млн сомдон ашык айып салынды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Баткенде 20-22-октябрь күндөрү жүргүнчү жана жүк ташыган 100дөн ашык унаа текшерилди.

Алардын арасынан оор жүк ташыган 16 унаанын айдоочусуна Укук бузуулар кодексинин негизинде айып пулдар салынып, жалпы каражаттын суммасы 580 миң сомду түздү.

Ошондой эле жалпы пайдалануудагы унаа жолдорго келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча 8 айдоочудан 674 миң 240 сом өндүрүлдү.

Министрлик транспорттук көзөмөлдү күчөтүү бул жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө болуп саналарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий