• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн КРда жашырынып жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. КР УКМК тарабынан терроризмге каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) активдүү мүчөсү, өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жашырынып жүргөн "Х.И." аттуу чет өлкөнүн жараны аныкталып, кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, изделип жаткан "Х.И." эл аралык терроризмдин чет элдик борборлорунун координациясы астында куралдуу чыр-чатак аймагына жиберүү максатында калктын диний бөлүгү арасында активдүү үгүт иштерин кылып жүргөнү аныкталган.

Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда КР УКМК Эл аралык террордук уюмдун ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Пикир

Оставить комментарий