• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абадда Антимонополия кызматынын кызматкери пара менен кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башкы адиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башкы адиси Ж.Н.Ы. акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Такталгандай, кармалган адам президенттин администрациясына караштуу "Жалал-Абад мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесинен айрым кызматтарга прейскурант (тариф) макулдашуу жол-жобосунан өтүү үчүн акча талап кылгандыгы аныкталган.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий