• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте мыкаачылык менен сабалгандар: Чындыкты жашырган эки милиционер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.09.19. /Кабар/. 2018-жылдын 28-августунда Бишкек шаардындагы Ахунбаев/Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында КР жарандары К.Сеитбеков жана Ж.Бапышов тарабынан У.Белеков жана А.Молдожиевдер катуу токмоктолгон.

Бул окуядан кийин Чүй облусунун ШИИБ КМК уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери К.Бапышов кылмышты өз убагында аныктоого тоскоолдук кылуу максатында жана Бишкек шаардык ШИИБ милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы К.Бапышов менен биргеликте сүйлөшүп алып, аталган кылмышка катышкан адамдардын изин жашырган.

Окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана 348-берененин 1-бөлүгү боюча катталып, тергөө иштери КР УКМК Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

2019-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренсине ылайык айтылган кылмыштарга шектүү катары Бишкек шаардык ШИИБ милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы Э.С. жана М.К. кармалышты.

Кармалгандар Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий