• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Чек арачылар чек ара тилкесинде аңчылык кылган кыргызстандыктарды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.09.17 /Кабар/. 2017-жылдын 2-октябрында Ош облустук КР МЧК башкармалыгынын “Кызыл-Жар” чек ара кызматы бөлүмүнүн чек арачылары чек ара мыйзамын бузган үч Кыргыз Республикасынын жаранынын кармашкан. Бул тууралуу МЧК басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча үч аңчы курал-жарак жана октору менен Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кулданбес аймагында кармалышкан. Аңчылар мамлекеттик чек ара мыйзамын бузуп, чек ара тилкесинде аңчылык кылып жүрүшкөн. Алардан 3 аңчылык курал жана 30 ок-дары табылган. Ошону менен бирге алардын куралдарга уруксат кагаздары болгон эмес.

Тиешелүү документтер топтолуп, мыйзам бузуучулар КР ИИМдин аймактык бөлүгүнө өткөрүлүштү.

Пикир

Оставить комментарий