Салык кызматы 26 миң бөтөлкөдөн ашык лицензиясыз алкоголь тартып алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй жана Баткен облустарындагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тийиштүү документсиз сатуу максатында алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сактоо фактыларын аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпысынан ар кандай идиштеги жана аталыштагы 26 миң 369 бөтөлкө алкоголдук ичимдик тартып алынды. Анын ичинен Баткен шаарындагы кампалардын биринен 16 миң 682 бөтөлкө, Ысык-Ата районунан 9 миң 687 бөтөлкө.

Ишкердик субъекттерге карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий