• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бажы органына унаа боюнча жалган маалымат берүү фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Бажы органына унаа боюнча жалган маалымат берүү фактысы аныкталды.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, бажычылар «Түндүк-Чыгыш» бажысынын «Автомобилдик БТЖсында Honda Accord үлгүсүндөгү унаанын VIN-коду жазылган стикер бузулганын аныкташкан.

Стикерди деталдуу текшерүүдө унаа 2016-жылы чыгарылганы аныкталган, ал эми М.Б.К. аттуу кыргыз жаранынын берген документтери боюнча унаа 2017-жылы чыгарылганы көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, транспорттук каражаттарды бажы жагынан тариздөө чыгарылган жылы боюнча жүргүзүлөт. Аталган унаа кармалып, убактылуу сактоочу жайга киргизилген.

Жогорудагы унаа үчүн тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн айырмасы 244 миң 650 сомду түзгөн.

Факты КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий