Бишкек, 18.01.25. /Кабар/. Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын "Көк-Дөбө" тилкесиндеги жалпы аянты 11 гектар, болжолдуу баасы 550 млн сом болгон жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, аталган жер тилкеси 1998-жылы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын токтому менен "Калык" айыл чарба ишканасына көрктөндүрүү үчүн убактылуу пайдаланууга берилип, кийин аталган ишканага жер участогуна жеке менчик укугуна мыйзамсыз мамлекеттик акт түзүлгөн.
Тиешелүү иштердин жыйынтыгында аталган жер тилкеси ыктыярдуу түрдө Баткен районунун Кара-Бак а/а.нын балансына өткөрүлүп берилди.
Учурда УКМК мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди мамлекеттин менчигине кайтарууга багытталган иш-чараларды улантууда.
Пикир
Оставить комментарий