• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткенде мыйзамсыз товар ташып кирүү аракетине бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Баткенде мыйзамсыз товар ташып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бажычылар тарабынан А. уулу С. атуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө жалпы узундугу 34 миң метр изоляцияланган зымдар, ошондой эле жалпы узундугу 5 миң метр алюминий зымдары аныкталган.

Жүктү Кыргызстандын бажы аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган жүк коштоочу документтер болгон эмес. Кармалган товарлардын орточо базар баасы 752 миң 500 сомду түздү.

Факт КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий