• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Баткенде өнөр жай жана инновациялык ишканаларга салыктык жеңилдиктер киргизилди

Экономика 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын министрлери кабинети өнөр жай ишинин жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон преференциялык түрлөрүнүн тизмегин бекитти.

Токтом маалыматтык-укуктук порталында маалымдалгандай, КР мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон административдик-аймактык бирдиктин чегинде жүзөгө ашырылуучу өнөр жай жана инновациялык ишканалардын инвестициялык ишине дем берүү максатында министрлер кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы N 571 токтомуна ылайык Өнөр жай ишинин жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон преференциялык түрлөрүнүн тизмеги бектилди.

"Баткен облусунун статусу жөнүндө" КР мыйзамына ылайык Баткен облусу преференциалык аймак болуп аныкталды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий