Баткен облусунда өнөр жайдын көлөмү 2603,7 млн сомго өндүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Баткенде 2021-жылдын тогуз ай ичинде аткарылган жумуштар 28-октябрь күнү өткөрүлгөн коллегияда талкууга алынды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте облустагы аткарылган иштер жана жүргүзүлүп жаткан аракеттер боюнча тогуз айдын жыйынтыгын укту.

Алгач облус башчысынын орун басары Жаныбек Исаков облус аймагындагы бардык тармактарда жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берип өттү.

Андан сырткары, облустун район-шаарларынын аким, мэрлери тарабынан аймактардагы иш аракеттер жана ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан коюлган тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалыматтар берилди.

Баткен облусунда 2021-жылдын тогуз айы ичинде өнөр жайындын көлөмү 2603,7 млн сомго өндүрүлгөн. Ал эми өсүү темпи 231,2%га аткарылгандыгы айтылды.

Айыл чарбасы 16287,9 млн сомго, же өсүү темпи 89,7%, салык топтоонун планы 105,6%га аткарылып, 855,5 млн сомдук салык жыйнамдары жыйналган. Чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 11363,2 млн сомго же өсүү темпи 96,6%ды түзгөн.

Жаңы түзүлгөн жумушчу орундардын саны 2021-жылдын тогуз ай ичинде 3062 жумушчу орун түзүлдү. Бул көрсөткүчтү былтыркы жылга салыштырганда 95,8 пайызды түзгөндүгү коллегияда сөз болду.

Ошондой эле коллегиянын жүрүшүндө ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан кээ бир айыл өкмөттөрдүн жана мекемелердин башчыларына чара көрүү боюнча аким, мэрлерге тапшырма койду.

Пикир

Оставить комментарий