• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Ошто “Социалдык келишим” долбоорун ишке ашырууну тездетүү зарылдыгы айтылды

Аймак 0

Бишкек, 26.08.22./Кабар/. Ош шаарында 16 жашка чейинки жашы жете элек балдары үчүн “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган аз камсыз болгон 55 үй-бүлө “Социалдык келишим” долбооруна катышууга арызын тапшырды. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулованын Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Куттубек Абдуллаев менен болгон жолугушуусунун алкагында белгилүү болду.

Маалым болгондой, арыз берген аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ичинен тиешелүү комиссия 50 үй-бүлөнү тандап алып, КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен макулдашуудан кийин аларга 100 000 сом өлчөмүндө эмгектик потенциалын ишке ашыруу жана турмуштук оор кырдаалдан чыгуу үчүн бир жолку социалдык жардам көрсөтүлөт. Учурда арыз берген үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү ЖИА бизнес-ассоциациясынан бизнестин негиздери жана көндүмдөрү боюнча окуудан өтүштү.

Долбоорго катышууну каалагандардын арасында төмөнкү багыттар боюнча кайрылуулар көп түшкөн: кийим-кече, тамак-аш азыктарын сатуучу дүкөндөрдү ачуу, интернет дүкөнүн ачуу. Андан сырткары фермердик чарба, тигуу цехи, нан заводуна да кызыккандар бар.

Долбоор 3 жылга эсептелген, бул мезгилде насыя алган үй-бүлөлөр жеке бизнесин ачып, жөлөк пулга муктаж үй-бүлө категориясынан чыгышы керек.

Жыйындын жыйынтыгында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр өз ишин тезирээк баштоосу үчүн комиссиянын кароо тартибин тездетүү боюнча тапшырма берилди.
_________________________________________

Пикир

Оставить комментарий