• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Баткенде пандемия учурунда жардам колун сунган коомдук уюмдар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Баткен облусунда пандемия учурунда жардам колун сунган коомдук уюмдар сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн билдиришти.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов коронавируска каршы күрөшүүдө коомчулукка жакындан жардам көрсөтүп, жардам колун сунган коомдук жана кайрымдуулук уюмдарынын, чет жактарда жашаган кыргызстандыктардан түзүлгөн коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнө ыраазычылык каттарын тапшырды.

"Өлкөбүзгө, анын ичинде облусубузга келген кооптуу илдет менен күрөшүүдө ар бириңиздердин салымыңыздар баа жеткис. Анткени баарынан баалуу болгон элибиздин саламаттыгы үчүн, зарыл болгон шарттарды түзүүгө, муктаждыктарды жеңилдетүүгө көмөктөштүңүздөр. Сиздерге чын дилимден ыраазычылык билдирип, ар бириңиздерге жалаң жакшылык каалайм", - деди Абдрахманов.

Пикир

Оставить комментарий