• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Баткенде сел калдыктарын тазалоого 131 куткаруучу тартылды

Аймак 0


Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Бүгүн, 11-июль саат 10:00гө карата Баткен районунун Ак-Татыр айылынын Аэропорт, Өрүкзар жана Самаркандек айылынын Орто-Сай тилкесинде 131 куткаруучу жумуш алып барууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Самаркандек айыл аймагынын Орто-Сай тилкесинде 10 куткаруучу турак үйлөргө жана короо-жайларга кирген сел калдыктарын тазалап жатышат. Ал эми ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын жана Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 96 куткаруучусу Аэропорт жана Өрүкзар тилкесинде калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Мындан сырткары, буга кошумча Ак-Татыр айылында селдин кесепеттерин жоюу иштерине 150 адам тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Эскерте кетсек, күн мурун аталган аймакта нөшөрлүү жандан улам сел жүрүп, 137 тургун коопсуз жайга эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий