• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүү маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 21.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-декабрда Ысык-Көл облусунда туризмди өнүктүрүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Илияз Иманбетов туризм тармагында эмгектенген жеке сектордун өкүлдөрү, дестинациялардын өкүлдөрү, туризм тармагына тиешелүү мекеме жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, туризм боюнча талкуу жүргүздү.

Анда 2022-жылдын жайкы туристтик сезонунун жыйынтыгы, андагы көрүлгөн чаралар, кылынган иштер, кетирилген кемчиликтер көтөрүлдү. Андан тышкары, алдыда турган кышкы туризм жана келаткан жылдагы жайкы туризмге даярдыктар тууралуу маселелер каралды.

Жыйында облус башчы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө көтөрүлгөн маселелер боюнча тыкыр иш алып барып, келген туристтерге жакшы шарт түзүп берүү, толколдуктарды жаратпоо, мейман кабыл алган эс алуу жайлары коюлган талаптарды аткарууну тыкыр көзөмөлдөө боюнча протоколдук тапшырма берди. Андан тышкары, тиешелүү министрлик, агенттик, ведомстволор менен иш алып барарын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий