• 86.5
  • 91.38
  • 0.86

Баткенде жаңы жылдык белектерди жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциясынан жасоо керектиги айтылды

Аймак 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Балдар үчүн жаңы жылдык белектер жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциясынан жасалууга тийиш. Мындай пикирин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев JICA агенттигинин “Бир айыл бир продукт” долбоорунун алкагында чыгарылып жаткан азыктарды көрүү учурунда билдирди.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, Абдикарим Алимбаев быйылкы жылы Баткен облусунун аймагында балдар үчүн жаңы жылдык белектерди даярдоодо экологиялык жактан таза, заманбап технология менен дүйнөлүк рыноктун талаптарына ылайык өндүрүлүп жаткан сапаттуу, пайдалуу азыктарга көңүл буруу зарылчылыгын белгиледи.

Облус башчысы балдарды ден соолукка пайдалуу таттуулар менен кубантуу аркылуу жергиликтүү ишкерлерди колдоого көңүл буруларын айтты.

Ишкерлердин алдын ала сунушу боюнча белектин курамында өрүк, шабдаалы, жүзүм ширеси, өрүктөн жасалган айгүл токочу, кургатылып, ваакумдалган өрүктөр, өрүк, жаңгак жана бал кошулган таттуулар, өрүк кошулган куруттар, желе, мармелад жана башкалар болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий