• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде жабыркаган ишкерлерге берилген 15 млн сомдук насыя кечилет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында “2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйында финансы министринин орун басары Улугбек Календеров баяндама жасады. Ал мыйзам долбоору мурда бөлүнгөн 15 млн сом суммасындагы бюджеттик кредитти эсептен чыгаруу максатында иштелип чыккандыгын белгиледи.

Тагырагы, чек арадагы жаңжалда жабыркаган Баткен районундагы 2 ишкерге, Лейлек районундагы 73 ишкерге 200 миң сомдон берилген кредитти кечүү сунушталууда.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий