• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Төрага Нурланбек Шакиев “Тилимпоз” долбоорунун негиздөөчүлөрүн кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев "Тилимпоз" долбоору аркылуу мамлекеттик тилди жайылтуу аракетин көрүп келе жаткан жаштарды кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тилек Нурдинов, Нуржигит Асанов жана Муслим Таалайбек уулу баштаган жаштар “Тилимпоз” долбоорун негиздеп, интернеттеги социалдык тармактар аркылуу кыргыз тилин өнүктүрүүгө, мамлекеттик тилди туура колдонууга багытталган иш-чараларды уюштуруп келет.

Жолугушууда Төрага Нурланбек Шакиев демилгелүү жаштардын жасаган иштерине жогору баасын берип: “Тил – бир улуттун жаны. Тил жоголсо, улут да жоголот. Айрыкча ааламдашкан доордо эне тилибизди аздектеп, сактоо менен гана эгемен өлкө катары өнүгө алабыз. Андыктан, мамлекеттик тилди жайылтууга далалаттанган силердей жаштардын аракети колдоого татыктуу”, – деди.

Муну менен катар жакында эле “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам кабыл алынганын айткан Нурланбек Шакиев аталган мыйзамды ишке ашырууда “Тилимпоз” өңдүү долбоорлордун мааниси чоң экенин кошумчалады.

“Кыргызда “Көп тил билсең, ошончо дил билесиң”, – деген накыл кеп бар. Бирок башка тилди эмес, өз эне тилин билбегендик уят катары каралышы кажет”, – деген Төрага мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатындагы жаштардын сунуш-пикирлерин укту.

Жолугушуунун соңунда Төрага Нурланбек Шакиев “Тилимпоз” долбоорунун негиздөөчүлөрүнө 200 миң сомдук сертификатты тапшырып, мындан ары да ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп турарын убада кылды.

Пикир

Оставить комментарий