Баткенде жогорку чыңалуудагы 88 км аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Баткен облусунда 88 км жогорку чыңалуудагы аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Баткен электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалууда аба чубалгылар кызматынын карамагында жалпы 35/110/220кВ чыңалуудагы 1 376 км аба чубалгысы бар.

Быйыл 2024-жылдын иш планына ылайык, 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштеринин алкагында жалпы 88,17 км аба чубалгы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Андан сырткары 1238,07 км аба жалпы чубалгы планда каралган болсо, анын ичинен 536,50 км аба чубалгысына техникалык тейлөө иштери аткарылды. Алдында 49,793 км аба чубалгысына карап чыгуу жумуштары жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий