Баткенде жол кырсыгынан 4 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Баткен-Бужум унаа жолунун 3 чакырымында 15-июнь күнү саат 08:30дар чамасында жол кырсыгы болду.

"ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү унаа "Портер" унаасын сүзгөн. Эки унаада тең 2ден адам болгон.

Кырсыктан 4 адам жабыркап, ооруканага кайрылышкан. Окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий