Сынып кеткен. Орокто 32 жаштагы жигиттин буту кыш чыгарган станокко кыпчылып калган

Кырсык 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Сокулук районунун Орок айылында жайгашкан кыш чыгарган заводдун станогуна 32 жаштагы жигиттин буту кыпчылып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жерине куткаруучулар тартылып, жарандын бутуп станоктон чыгарышкан.

"А.М., аттуу жарандын буту сынып кеткен. Куткаруучулар жабыркаган жигитти Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий