• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Мыйзамсыз миграция уюштуруу боюнча туруктуу каналга бөгөт коюлду - ИИМ

Коом 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдө уюмдун аракеттер планына ылайык "Нелегал - Трафик" рейди өттү. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын алкагында мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча туруктуу каналга бөгөт коюлду, тагыраак айтканда, КР жарандарын чет өлкөгө мыйзамсыз чыгаруу ишмердүүлүгү токтотулду.

“Грин Лайт Компани” компаниясынын директору 1986-жылы туулган Кыргызстандын жараны А.Н. чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга уруксаты жок КРнын 40 жаранын Европа жана АКШ өлкөлөрүнө алып өтүү максатында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Украина аркылуу Молдованын аймагына жеткирген.

Аталган жаран чет элдик жарандар менен келишим түзүп, КР жарандарын Молдовада 5 айдан ашык кармап, аларды круиздик жана жүк лайнерлери менен бир нече жолу АКШ жана Европа өлкөлөрүнө ташууга аракет кылган.

Натыйжада Молдованын укук коргоо органдары КР жарандарына кылмыш ишин козгоп, кийин алар депортацияланган.

Көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө 31 кылмыш иши козголуп, иш сотко жөнөтүлгөн. Бул иш боюнча жалпысынан 20 млн сомго жакын зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий