• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде жыл башынан бери кургатылган жемиштерди кайра иштетүү боюнча эки ишкана түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Баткен облусунда жыл башынан бери кургатылган жемиштерди иштетүү боюнча эки ишкана түзүлдү.

Жылына дыйкандар 7 миң гектар жерден 30 миң тоннага чейин өрүк алышат, анын 20 миң тоннасын кургатышса, 10 миң тоннасын нукура түрүндө сатышат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев дыйкандар менен жолугуп, түшүм жыйноонун башталышы менен таанышып чыкты. Жолугушуу маалында өкүл дыйкан чарбачылыгын кооперативге бириктирүү жана экологиялык жактан таза азыкты тышкы базарларга жана чет жакка экспорт кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий