• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Мыйзамсыз баңгизатын сактаган УКТнын мүчөсү кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Чүй облусунун ИИБнин кызматкерлери мыйзымсыз баңгизатын сактоо фактысын ачыкташты. Бул тууралууу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, козголгон кылмыш ишинин алкагында Беш-Күңгөй айылындагы үйлөрдүн биринде тинтүү жүргүзүлгөн.

Ыкчам-тергөө иш-чарасынын жүрүшүндө көрсөтүлгөн даректе атайын жыты бар, кара-боз болгон баңгизаты табылган.

Аламүдүн райондук ИИБнин тергөө кызматынын экспертиза жыйынтыгы боюнча аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү катары 32 жаштагы Б.А. аттуу жаран кармалды. Ал КРнын Ички иштер министрлигинде Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Шектүү Бишкек шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий