• 87
  • 90.59
  • 0.86

Баткенде "Зордук-зомбулукка жол жок" аталышында форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Баткенде "Зордук-зомбулукка жол жок" аталышында форум өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинетинин "2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекетик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча" Улуттук планынын алкагында, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ички иштер органдары, билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте маалыматтык түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүп келет.

Бул багытта учурда облус аймагында кылмыштуулукту, укук бузууларды болтурбоо, алардын алдын алуу боюнча 2 айлыгы жарыяланган. Ага ылайык, кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, жол коопсуздугунун, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга багытталган иш-чаралар өтүүдө.

Иш-чараларда үй-бүлө баалуулуктарды сактоо, келечек муунду туура жолдо тарбиялоого багытталган иш аракеттер жүрүүдө.

Бүгүнкү форумдун алкагында жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча, Кыргызстандын аймагында жүргүзүлүп жаткан “Коомдук жайдагы коопсуздук” иш-чарасынын алкагында Баткен облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы милициянын жаш жардамчылары менен жыйындын катышуучуларына жол кырсыктарынын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий