• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абадда Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын Жеңиш эс алуу багында Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюлуп, курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет

Иш-чарага облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, калаа мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишкана кызматкерлери жана тургундар катышты. Курман болгондорду бир мүнөткө эскерүү жарыяланып, асманга ок атылды. Пандемиялык абалга байланыштуу саамалык кеңири масштабда өткөрүлгөн жок.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда согуштун 18, оруктун 41 гана ардагери калды.

Бул жылы мамлекет тарабынан согуш ардагерлерине 70 миң сомдон акча каражаты тапшырылды. Облус өкүлүнүн резервдик фондунан согуш ардагерлерине 10 миң, тылда эмгектенгендерге 5 миң сомдон акча каражаты бөлүндү. Аны менен бирге жергиликтүү бийликтер тарабынан да материалдык колдоолор көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий