• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Баткендеги алтын кени мамлекеттин балансына кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Баткендеги алтын кени мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой эле К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында "Апрелское AZI" алтын кени Жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлигинин балансына өткөрүп берилди.

Аталган кенде алтындын кору 10 тонна, ал эми күмүштүн кору 15 тоннаны түзөт. Алдын ала эсептөөлөр боюнча кендин баасы 50 млн доллар турат.

Учурда УКМК тарабынан кылмыштуу жол менен, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан алынган мүлктөрдү аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий