• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Баткендеги Кожешкен дарыясына курулган жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Баткен облусунун аймагындагы Кайтпас – Өтүкчү унаа жолундагы Кожешкен дарыясына курулган жаңы көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин аймактагы өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Өзбекстандын Фергана облусунун хокими Хайрулло Бозаров жана жергиликтүү тургундар катышты.

Белгилей кетсек, Кайтпас – Өтүкчү жолуна президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен асфальт төшөлгөн. Узундугу 27 чакырым болгон жол Кадамжай районунун Молдо Нияз жана Ак-Турпак айыл аймактарынан өтөт. Тагыраагы Кыргызстандын "Кайтпас" чек ара өткөрүү пунктунан башталып Өзбекстандын Сох анклавына алып барат.

Аталган көпүрөнүн узундугу 72 метр, туурасы 12метр.Четинде жөө адамдар өтүүчү тротуарлары бар. Көпүрө буга чейин авариялык абалда болгондуктан, 2023-жылы капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн титулдук тизмеге киргизилип, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан быйылкы жылы 22 млн 673 миң сомго курулду.

Көпүрөнүн курулушу менен катар дарыя жээктери да бекемделген.

Облус башчылары аталган көпүрө Достук көпүрөө катары кызмат кылуусуна тилектештигин билдирип, кошуна жашаган жергиликтүү кыргыз-өзбек айылдарынын эли менен жолугуп, эки элге ынтымак каалашты.

Пикир

Оставить комментарий