• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткендеги милиция кызматкерлерине алдын алуу иштерин күчөтүү тапшырмасы коюлду

Аймак 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Баткен облустук милициясында 2022-жылдын ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам кеңешмеге ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, Баткен ОИИБдин начальниги Мурат Боронов, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Ыкчам кеңешменин башында 2022-жылдын ичинде өздөрүнүн кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып, ишинде мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн бир катар кызматкерлерге “өз кесибинин мыктысы” наамдары тапшырылды. Андан сырткары, коомдук иштерге активдүү катышып, жаш кызматкерлерге насаатчылык иштерин жүргүзүп келген Баткен облусундагы ички иштер органдарынын ардагерлер кеңештеринин мыктылары аныкталып, 1-орунду Кадамжай РИИБдин ардагерлер кеңеши алды.

Ал эми ыкчам кеңешменин экинчи бөлүгүндө өткөн жылы аткарылган иштер боюнча баяндама жасалып, Баткен ОИИБдин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү орунттуу учурлар, ийгиликтер менен кошо кемчиликтер баса белгиленди.

Нурбек Абдиев өткөн жыл Баткен облусу үчүн, анын ичинде ички иштер органдары жана ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары үчүн оор жылдардан болгонун билдирди.

“Мекен алдында берген антын ак ниеттүүлүк менен аткарып, элибиздин өмүрүн сактап, коопсуздугун камсыздап жүргөн милиция кызматкерлерине жана аскер кызматчыларга ыраазычылыгымды билдирем. Ошондой эле, өлкө башчыбыз дагы сиздердин эмгек маянаңарды көтөрүп берди. Бул дагы сиздердин аткарган кызматыңыздырдын үзүрү”, - деди ИИМ башчысынын орун басары.

Андан сырткары, Нурбек Абдиев Баткен облусунда катталган жана бети ачылбай жаткан кылмыштар, үй-бүлөлүк зомбулуктар, чек ара аймагындагы элдердин коопсуздугунун камсыздалышы, жашы жете электерге карата жасалган кылмыштар, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча аткарылып жаткан иштердин жүрүшү тууралуу сурап, кетирилген кемчиликтерди тез арада жоюну тапшырды.

Ыкчам кеңешменин соңунда Баткен ОИИБдин кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн, райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн башчыларына ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү мындан ары дагы жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий