• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Баткендеги сел каптаган тилкелерден 137 тургун эвакуацияланды

Кырсык 0


Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Баткендеги сел каптаган тилкелерден 137 тургун эвакуацияланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен районундагы Ак-Татыр айылынын суу каптаган тилкелеринен саат 01:30га карата жалпы 137 жаран, анын ичинен 50сү жаш бала туугандарынын үйүнө көчүрүлдү.

Жеринде ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын жана Баткен району боюнча ӨКБнын өрт өчүрүүчү куткаруучулары эвакуциялоо иштерин жасап жатышат.

"Айыл мектебине убактылуу баш калкалоочу жай уюштурулду. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий