• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 7 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 17.12.17./Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 299-чакырымында жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

“Эки унаа кагылышып, натыйжада 7 адам каза болуп, дагы үчөө жабыркады. Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилди. Ал эми каза болгондор Токтогул райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилди”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда укук коргоо кызматкерлери тарабынан кырсыктын себептери такталууда.

Билдирүүдө айтылгандай, каза болгондордун жана жабыркагандардын өздүгүн тактоо боюнча иштер жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий