• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Баткендеги селден 12 электр мамысы жыгылып, төртөө жараксыз абалга келген

Коом 0


Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Баткен электр тармактар ишканасы облус аймагынын сел алган айылдарында зыянга учураган электр мамыларын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

2024-жылдын 10-июль күнү саат 16:00 чамасында Баткен облусунун аймактарында катуу жамгыр жаап, натыйжада Баткен, Лейлек райондорунда сел кеткен.

Селдин агымынан Баткен районунун Актатыр, Самаркандек, Кара-Булак айылдарында жалпы 12 даана мамычалар жыгылып, 5 даана мамычанын астын суу алган. Андан сырткары 4 даана электр мамычасы толугу менен жараксыз абалга келген.

Сел алган убакыттан баштап Баткен электр тармактар ишканасынын директору К.Маркаевтин буйругу менен райондук электр тармактар ишканаларынын энергетиктери жерине чыгып, түнү менен калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп, калкка электр жарыгы берилди.

Бүгүнкү күндө энергетиктер сел алып, жол жабылып, кечинде бара албай калган аймактарга барып, электр мамыларын калыбына келтирүү иштерин жеринде улантууда.

Белгилей кетсек катуу селдин натыйжасында Баткен районунун сел алган айылдарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Учурда аталган аймакта Баткен ЭТИнын 17 энергетик кызматкери, 3 атайын техникасы менен кызмат кылууда.

Пикир

Оставить комментарий