• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ошто медресе жаштары кесиптик шыктарга окутулууда

Коом 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. Бүгүн, 25-июлда Ош обулусунун Кара-суу районуна караштуу Медресе айылында «Абдыжапар» Ислам Институтунда медресе окуучуларын кесипке үйрөтүү максатында атайын жабдуулар тапшырылды.
Иш-чара АВЕП коомдук фонду тарабынан уюштурулуп Кыргызстан Мусулмандар Башкармалыгынан, Кыргызстан Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиядан, жергиликтүү бийликтин, облустук казыяттардан жана медреселердин өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
АВЕП фондунан билдиришкендей, «Медресе окуучуларын кесиптик шыктарга окутуу» долбоору быйылкы жылы Ош, Жалалабад жана Баткен облустарында 3 медреседе тигүүчү, ашпозчу, компьютер колдонуучу кесиптерине окутуп баштады. Аталган кесиптерге практикалык мүнөзгө көбүрөөк басым жасап окутуу максатында долбоор алкагында 550 миң сомдук жабдуулар медреселерге тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий