• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстанда кененин уусунан эки киши каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. Өзбекстандын Кашкардарья облусунда 47 жаштагы жергиликтүү тургун жана 16 жаштагы өспүрүм кээ бир кемирүүчүлөр менен кенелер тараткан жугуштуу геморрагиялык ысытма оорусунан каза болду. Ушул жылдын май айынан бери аталган облуста жашоочуларды кене чагып алган 98 учур катталган.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын маалыматына караганда, Кашкардарья облустук ооруканасынын дарыгерлери эки бейтаптын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. «Эки бейтаптын тең геморрагиялык ысытма менен ооруп жатканы ырасталган. Алардын абалы оор болчу. Аял 12 сааттан кийин каза болду. Өспүрүмдү болсо эки жума дарыладык. Бирок анын баш мээсинин сезгенүүсү (энцефалит) башталып, бөйрөктөрү иштебей калды. Жыйынтыгында ал да көз жумду», – деп билдирди бейтаптарды караган дарыгер.

Санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбордун Кашкардарья облусундагы бөлүмүнүн кызматкеринин билдиришинче, окуядан кийин атайын штаб түзүлүп, текшерүү иштери башталды. «Текшерүү иштеринин жүрүшүндө дагы 14 адамды кене чаккан учур аныкталды. Биз аларга тиешелүү кеңештерди бердик. Учурда ал адамдардын абалдары жакшы, баарынын дени сак», – деди мекеменин кызматкери.

Облустун Саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматына караганда, учурда кене чаккан дагы үч киши райондук ооруканаларда жатышат. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Жугуштуу оорунун жайылышына жол бербөө максатында аймакта дезинфекциялык иштер өткөрүлүүдө.

Геморрагиялык ысытма менен ооруган адамдын температурасы жогорулагандан сырткары башы, булчуңдары, ичи ооруп, кускусу келет. Денесинде майда канталаган ысык пайда болуп, мурдунан кан агат.

Пикир

Оставить комментарий