Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Баткендеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлдөгү “Алтын балалык” ден соолукту калыбына келтирүү борборунда эс алууда.
Жергиликтүү бийликтин колдоосу менен Баткенден 150 бала жиберилген. Балдардын 10 күндүк эс алуусу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан каржыланат.
Балдар көлдө 20-30-июнь аралыгында болуп, ар кандай маданий жана көңүл ачуусу программаларга катышат. Ошондой эле балдар менен психологдор иш алып барат.
Пикир
Оставить комментарий