• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ТИМ кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлиги кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

Ведомстводон белгилешкендей, акыркы жылдары өлкө жетекчилиги тарабынан кыргыз тилин турмуш тиричилик чөйрөсүндө гана эмес, мамлекеттик ишмердикте да кеңири колдонууга, жигердүү жайылтууга жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, чечкиндүү аракеттер жасалууда.

Кыргыздын көрүнүктүү акыны Эсенгул Ибраевдин "Улут болсом – тилим менен улутмун" аттуу ырынын аталышы эле белгилеп тургандай, этностун улут болуп түптөлүшүндө эң башкы тарыхый-саясий ролду тил ойноп, коомдун аң-сезимин калыптандыра тургандыгы шексиз.

Өз саясатын мыйзамдардын негизинде ишке ашырган социалдык институт катары КР министрлер кабинети мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүүнүн жана өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, учурда мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун ишмердигин толук бойдон кыргыз тилинде жүргүзүүгө ниеттенүүдө.

Башка министрликтер менен ведомстволордун катарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги да кыргыз тилин эл аралык мамилелер тармагында жайылтууга, дипломатиялык лексикалык базаны кеңейтүүгө өз салымын кошуу аракетин көрүүдө.

Албетте, министрлик КР эл аралык мамилелер жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу, чет мамлекеттер менен дипломатиялык жана консулдук мамилелерди орнотуучу мамлекеттик орган болгондуктан, анын ишмердүүлүгүндө айрым өзгөчөлүктөр бар жана тил жагынан кызматкерлерге болгон талап негизги критерийлердин бири. Мисалы, тышкы саясий ведомствонун кызматкерлери кыргыз, орус, англис тилдеринен тышкары чет мамлекеттердин тилдерин билүүсү абзел.

Арийне, эл аралык мамилелерди илгерилетүүнүн үстүндө иштеп келген дипломаттардын бир нече тилди өздөштүргөндүгү бир жагынан кызматтык зарылчылык болгону менен, экинчи жагынан бул алардын артыкчылыгы экендигин XVIII кылымда жашаган француз жазуучусу жана агартуучусу Ф.Вольтердин «көп тил билүү – бул бир кулпуга түшө турган көп ачкычтуу болуу» деген пикири далилдейт. Дипломатиялык кызматты аркалагандардын кыргыз тили жана чет тилдери боюнча билимин өркүндөтүү, өрчүтүү максатында жыл сайын КР Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын базасында тил курстары уюштурулуп турат. Статистикага таянсак, 2018-жылы – 57, 2019-жылы – 72, 2020-жылы – 23, 2021-жылы – 64, 2022-жылы – 26 кызматкер бул курстардан өткөн. Кыргыз тилин өздөштүрүүгө умтулгандардын саны аз эмес экендигин жогоруда келтирилген көрсөткүчтөр айгинелеп турат.

Ошону менен бирге, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-августуна чейинки мөөнөттө мамлекеттик органдардын документ жүгүртүүсүн мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чараларды көрүү тапшырмасын аткаруу максатында бүгүнкү күндө тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Министрликтин документтери Кыргызстанда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын негизинде иштелип чыгып, электрондук түрдө таризделүүдө, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан кыргыз тилинде даярдалган иш кагаздарга лингвистикалык экспертиза жүргүзүлүп, зарылдыгына жараша кызматкерлерге көмөк көрсөтүлүүдө.

КР өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан тил саясаты жаатындагы талаптар барган сайын күчөтүлүп, учурда мамлекеттик органдардагы документ жүгүртүү жалаң мамлекеттик тилде жүргүзүлүп, мамлекеттик кызматчылардын өз милдеттерин аткаруу үчүн кыргыз тилин тийиштүү деңгээлде билүүсү талап кылынууда.

Бул талапты аткаруу максатында 2021-жылы Тышкы иштер министрлиги “Кыргызтест” мамлекеттик ишканасы менен макулдашуу боюнча кыргыз тилин билүү деңгээлин текшерүү үчүн жүзгө чукул кызматкерин тестирлөөдөн уюшкандык түрдө өткөргөн. Быйыл да бул иш уланып, учурда 80ден ашуун мамлекеттик кызматкер кыргыз тилинен тест тапшырууда жана кезекте Кыргыз Республикасынын четөлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлери турат. Алар кыргыз тилинен тестти аралыктан тапшыруусу үчүн тиешелүү шарттар түзүлүүдө.

Мындан тышкары, Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында министрлик тарабынан жаш муундагы кызматчылардын дүйнө таанымын кеңейтүү жана аларды ар тараптуу терең билимди талап кылган дипломатия кесибине даярдыгын арттыруу максатында кыргыздын тарыхында из калтырган чыгаан илимпоздор, агартуучулук кыймылына салымын кошкон белгилүү акын-жазуучулар, маданиятты алдыга сүрөгөн искусство чеберлери тууралуу серептик лекциялар, ошондой эле квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлөт.

Ошол эле учурда, дипломатиялык кызмат органдары үчүн кадрларды окутуп, кыргыз дипломатиясынын келечектеги жүзүн даярдоо менен алектенген Дипломатиялык академиянын студенттери үчүн жыл сайын министрликтин тажрыйбалуу, дасыккан дипломаттары 21-февраль күнү Эл аралык эне тил күнүн утурлай “конок лекцияларын” окушат. Быйыл өткөрүлгөн сабак араб өлкөлөрүндө эне тилге болгон мамилеге арналып, угуучуларга ислам мамлекеттериндеги тил саясаты тууралуу кеңири маалымат берилди.

Өкмөттүн тил саясатын аткарууга багытталган дагы бир иш-чара – бул 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата дипломаттар арасында жыл сайынкы негизде өткөрүлүүчү эссе сынагы. 2021-жылы жарыяланган сынакка сунушталган "Кыргыз дипломатиясындагы аялдардын жүзү", "Эгемен Кыргызстандын дипломатиясынын түптөлүшү" жана "Кыргыз дипломаттарынын советтик дипломатияга кошкон салымы" темалары боюнча КР Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринен келип түшкөн жазуу иштери ведомстволук комиссия тарабынан каралып, мыкты деп табылган сынак иштеринин авторлору дипломдор жана кыргыз адабиятынын классиктеринин чыгармалар жыйнагы менен сыйланган.

Азыркы учурда Мамлекеттик тил күнүнө арналган кезектеги эссе сынагына даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

Нидерландынын белгилүү философу Эразм Роттердамский белгилегендей, тил – достуктун, макулдашуунун эң мыкты ортомчусу. Кесиптик милдеттерине ылайык, мамлекеттер ортосунда достук, өнөктөштүк көпүрөсүн куруп, эл аралык мамилелерди түзүү жана бекемдөө багытында иш алып барган дипломаттар тилдин маанисин жакшы түшүнүшөт жана өлкө жетекчилиги жүргүзүп жаткан тил саясатына өзүнүн татыктуу иши менен колдоо көрсөтүүгө аракет кыларына үмүт бар. Ал эми министрлик өз кезегинде дипломатиялык кызмат органдарында мамлекеттик тилдин кеңири колдонулушун, кызматкерлер кыргыз тилин тийиштүү деңгээлде өздөштүрүүсүн камсыздоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү жана чараларды көрүү жаатындагы ишин уланта бермекчи.

Пикир

Оставить комментарий