• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

15-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 15.07.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 15-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +31...+36, Талас облусунда +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл облусунда +26...+31 жана Нарын облусунда +28...+33 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +33...+35 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий