Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. “Баткенге жардам” республикалык штабы Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткен облусунун жарандарын Ысык-Көлгө жөнөттү.
Белгилей кетсек, мекендештер пансионатка жайгаштырылып, үч маал тамак менен камсыз болот.
Республикалык штабдын координатору Алтынбек Кутмановдун маалыматына ылайык, Бишкек жана Чүй облусуна Баткен облусунун 5 миң 621 тургуну келип, анын 1 миң 679у убактылуу жашоочу жайларга жайгаштырылган.
Пикир
Оставить комментарий