• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Шашылыш билдирүү: 1-2-майда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 29.04.18. /Кабар/. Өлкө аймагында үстүбүздөгү жылдын 1-2-майында туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 1-майда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт.

2-майда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт

Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас дыйканчылык аймактарында 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоо этектеринде 10…15° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15°, тоолуу райондордо 3…8° жылуу, бийик тоолуу райондордо -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий