• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте жаңы сугат лотокторун орнотуу иштери кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. Бишкекте жаңы сугат лотокторун орнотуу иштери кызуу жүрүүдө

Муниципалитеттен билдиришкендей, жалпысынан борбор калаанын төрт районуна узундугу 17 миң 985 чарчы метрге жакын сугат тармактарын орнотуу пландалууда.

Учурда төмөнкү көчөлөрдө ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү жана орнотуу иштери жүргүзүлүүдө:

- Айни көчөсү Ч. Айтматов проспектисинен Псков көчөсүнө чейин (түндүк, түштүк тарабы)
- Молдокулов көчөсү Шабдан Баатыр көчөсү менен Куланак көчөсүнө чейин (батыш тарабы);
- "Лесхоз" каналы Токомбаев көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин (эки тарап);
- Водопроводный көчөсү (чыгыш тарабы) Айни көчөсү менен Сухомлинова көчөсүнө чейин;
- Айни көчөсү менен Айтматов проспектисине чейин;
- Чебоксары көчөсү Салиев көчөсүнөн Саратов көчөсүнө чейин (батыш тарабы);
- Саратов көчөсү Чебоксары көчөсүнөн Курманалиев көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);
- Курманалиев көчөсүнөн Саратов көчөсүнө чейин;
- Ауэзов көчөсүнөн темир жолго чейин (батыш тарабы);
- Сүйүнбаев көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Мичурин көчөсүнө чейин (батыш тарабы);
- Мичурин көчөсү Сүйүнбаев көчөсү менен Керимова көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);
-Жибек-Жолу проспектиси Сүйүмбаев көчөсүнөн Осмонкулов көчөсүнө чейин (түштүк тарабы)
- Тоголок Молдо көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин (батыш, түндүк тарабы);
- Исанов көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин;
- Салиева көчөсү Т. Айтматов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин;
- 7-Апрель көчөсү Чүй проспектисине чейин;
- Курманжан Датка көчөсү Чүй проспектисинен Салиева көчөсүнө чейин.

Шаардык мэрия жарандардан магистралдык каналдарды, дренаждык жана ирригациялык тармактарды таштандыга толтурбоону жана шаардык чарба кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону өтүнөт

Пикир

Оставить комментарий