• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

"Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү" эл аралык инвестициялык форум өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.10.24. /Кабар/. "Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү" II эл аралык инвестициялык форуму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Форумга катышуу үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев баштаган мамлекеттик органдардын, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева баштаган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, инвесторлор келишти.

АЛгач президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп, "Баткен - Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашып, кылымдар бою соода-сатыктын, эл аралык мамилелердин жана көргөзмө-жарманкелердин очогу болуп келгенин белгиледи. "Аймактын экономикалык, инвестициялык, туристтик дарамети жыл өткөн сайын артып жатат", - деген ал бул иш-чара келечекте өлкөнүн айыл-чарба продукцияларынын санын, кен байлыктардын корун арттырган мааракеге айланышына тилектештигин билдирди.

Катышуучулар бул иш-чараны узак мөөнөттүү жана туруктуу өнөктөштүктү бекемдөөгө дагы бир кадам катары баалашты. Форум Баткен облусун комплекстүү өнүктүрүүгө багытталып, аймактын инвестициялык жана туристтик потенциалын көрсөтүүгө зор аянтча болду.

Иш-чарада айыл чарба, өнөр жай, чакан жана орто бизнес, туризмди өнүктүрүү маселеллери, облусту өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты катары каралды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров Баткен облусуна тартылган инвестициялардын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Форумдун алкагында кызматташуу тууралуу документтерге кол коюлуп, папкалар менен алмашуу орун алды.

Андан соң "Баткен инвесторлордун көзү менен" деген темада Россия, Кытай, Түркия мамлекетинен келген инвесторлор сөзгө чыгып, кызматташуу багыттары жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат беришти. Форум донордук көчмө конференциялар, панелдик менен уланууда.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чара БУУнун Өнүктүрүү программасы, Кыргыз Экспорт борбору менен өнөктөштүктө уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий